Сулайман-Тоонун жанындагы кафе бузулат

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан мэрияда жеке менчик тууралуу мыйзамдуулуктун сакталышы текшерилди. Бул тууралуу мэриянын коомчулук жана ММК менен байланыш кызматы билдирди.

Sulaiman_Too_kafe

Текшерүүнүн жүрүшүндө Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2006-жылдагы катынын негизинде Сулайман-Тоо комплексинин аймагында туризмди өнүктүрүү максатында 250 чарчы метр жерге кафе курууга уруксат берилгендиги аныкталды. Ал каттын негизинде 2007-жылы шаар бийлиги М.Айдаровага 5 жылдык мөөнөт менен жер участогун берүү чечимин кабыл алган.

Бирок жер ээлери тарабынан 441 чарчы метр аянтка курулуш иштери өз алдынча жүргүзүлгөн. Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, шаардык прокуратуранын өкүмү менен М.Айдаровага 150 эсептик көрсөткүчтө айып салынган.

«Бүгүнкү күндө жер участогун берүү мөөнөтү бүттү, бирок мыйзамсыз курулган «Айдар-Ата» кафеси өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө», – деди Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдимуталип Калыбеков.

Анын айтуусунда, жер участогун кайтаруу жана аны алгачкы абалына келтирүү үчүн он күндүк мөөнөт берилди. «Эгер алар бул көрсөтмөнү аткарышпаса, анда кафени биз өзүбүз бузабыз», – деп кошумчалады А.Калыбеков.

Буга менин оюм:

Эгерде, Сулайман-Тоонун айланасындагы ушуга окшош курулуштарды алыш керек болсо, ошол жердеги Сулайман-Тоо мечитин дагы алыш керек. Аникени ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып калуу коркунучу бар деп кыйкырып атышкан. Тизмеден чыгып калуу коркунучу бар дешкенине карабай, президент Алмазбек Атамбаев келип, мечиттин ачылышына катышты эле.

А эгер мечити ала албасак, курулуштарды дагы калтырыш керек.

Leave a Reply

Your email address will not be published.