Ошто облус менен шаарды бириктирген көпүрөнү салдырбай жатышат

Osh_kopuro2Ош шаарында эки айылдын тургундары көпүрөнүн айынан чатакташып кетишти. Алар облустун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Бата жаңы конушу менен Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун тургундары. Бул эки айылдын ортосун аралап, чоң каналдан суу өтөт.  Ак-Бата айылы шаарга жакын жайгашкандыктан, ары-бери каттоо үчүн тургундар көпүрө салууга камынышкан. Ага өкмөттөн каражат да бөлүнүп, бирок кечигип келген. Бирок салынып жаткан көпүрөгө ак-тилектиктер караманча-каршы чыгып, кер-мур айытышып, керек болсо, куруучуларды уруп да жиберишти. Алар эки айылдын ортосун бириктире турган көпүрөгө эмне үчүн каршы чыгып жатышат ушул макаладан окуңуз.

Тиреш облуска караштуу Ак-Бата жаңы конушу менен шаарга тиешелүү Ак-Тилек кичи районунун тургундарынын ортосунда баратат. Талашы – эки айылдын ортосун бириктирген көпүрөнү куруу же курбоо.

Жол керек деген ак-баталыктар мурда 2-3 км. жол басып үйлөрүнө жетишчү. Азыр деле ошентип атышат. Эгер Ак-Тилекти аралап, көпүрө менен барышса, 300-400 метрде эле жетип алышат. Облуска караштуу конуштун тургандары шаар менен районду бөлүп турган каналга көпүрөө кура башташкан. Буга карата өкмөттөн каражат да бөлүнгөн. Эми курулуш башталган учурда Актилек кичи районунун 11 көчөсүнүн жашоочулары көпүрөөнүн курулушуна каршы чыгышты. Бул жердин тургуну Эркайым Абдыкалыкова Курулушка каршы чыгуусунун себебин мындайча айтты.

Көрсө каршы болуп жаткандардын дарты мында экен: көпүрө салынса, жаңы конуштагылар чоң машиналар менен курулуш материалдарын алып өтөт. Андай болгондо үйлөрүбүздөн жарака кетет. Жеңил унаалары менен ары-бери чаңытып өтүшсө, балдарыбыздын коопсуздугун кайда калат дешет. Бирок көпүрөөнүн курулушуна кызыктар тараптан Гүлбара Маматова бул каршылык туура эмес дейт.

Ак-Баталыктар жаңы конушта бир жагы социалдык шарт жок экенин, бул көпүрөө алардын бир көйгөйүн чечээрин билдиришет. Бул жердин тургуну Айсалкын Каныметова көпүрөөнүн курулушуна тиешелүү органдардан уруксат алганын, курулуш мыйзамдуу экенин мындайча айты.

Чатакташып жаткан тургундарга Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмамат Исмаилов келди. Ал талаштуу көпүрөөгө байланыштуу документ иштерин чечүүнү эки айылдын башчыларын биргеликте чечүү сунушун айткан болчу.

Көпүрө ушинтин талаштан улам бир тараптуу чечилбей турганда, курулушту баштап ийишти. “МагБилд” ЖЧКсынын өкүлү буларга токтолду.

Кийинчерээк эки тараптуу документтерди териштирүүгө Ак-Батанын айыл башчысы келбей койду. Кечээ күнү кечинде көпүрөө куруп жаткан курулуш компаниясынын айдоочусу актилектин тургундары тарабынан таяк да жеди. Айдоочуну токмоктогон жаран өз атын айтуудан баш тартты. Эми тирешкен тараптардын талашы эмне болот белгисиз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.