Лөлүлөр качан паспорт алат?

LOLULORКара-Суу районуна караштуу Жаңы-Кыштак айылынын тургундарынын дээрлик 40 пайызынын жарандыгы жок. Ал жерде көпчүлүгү лөлү улутундагылар турмуш кечиришет. Өздүгун аныктаган документинин жоктугунан улам, мындагылар өздөрүн эле эмес, айрым мамлекттик мекемелерди дагы түйшүккө салат. Анткени паспорттору жок болсо, кандайдыр бир керектүү чара колдонуп, же жеңилдиктер берилбей калат. Бирок аларга Кыргызстан тиешелүү документтерин тактап алууга толук мүмкүнчулүк жаратып берген.

Жаңы-Кыштак айылындагы класста билим алдып жаткан окуучулардын дээрлик 50 пайызынын эч кандай документтери жок. Бирок ага карабай, мектеп жетекчилиги мындай балдарга билим берүүну колго алышып, быйылкы окуу жылында 130 баланы кабыл алышкан. Бул тууралуу айылдагы Турсунзаада орто мектебинин директору Гүлчехра Абдуллаева билдирди.

Учурда жалпысынан аталган айылда 600гө жакын үй-бүлө жашайт. Бирок алар мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү акысыз кызматтардан пайдалана алышпайт. Анткени айрымдарынын паспортторунун жоктугунан ушундай абалга тушугуп калышат. Айрыкча пенсия чыгуу үчүн кайрылышканда өздүгун аныктай турган эч нерсеси болбой калат. Булар тууралуу Фергана өрөөнүнүн “Чегарасыз юристери” бирикмесинин жетекчиси Азизбек Ашуров айтат.

Ал эми Жаңы-Кыштак айылынын башчысы Руслан Уриновдун айтымында, паспорт алуунун мүмкүнчүлүгү болгону менен лөлүлөр жашоо образына байланыштуу өздөрү кызыктар эмес. Анткени алар, туруктуу бир жерде эмес, көбүнчөсү ар кайсыл аймакка көчүп-конуп жашашат.

Аталган айылда бүгүнкү күндө 600 түтүн жашайт, бирок алардын ичинен 2 миңге жакын жашоочунун гана паспорту бар.

LOLULOR1Лөлү улутундагылар тууралуу коомдо түрдүү пикирлер айтылып келет. Эркектери эч кандай иш кылбай, аларды аялдары багат деген да сөздөр бар. Учурда эркектери ал айыл жайгашкан аймак Өзбекстанга жакын болгондуктан ал жакка өтүп барып мандикерлик иштерди аткарышат. Айрымдары, Ош шаарынын канализациясында, кээлери кыш куюшат, дыйканчылык кылышат. Алар жашаган аймактагы терек базарда да иштешет. Ал эми аялдары Оштогу кыш заводдорунун тегерегиндеги сынык кыштарды, андан сырткары шаардагы жана шаарга жакын аймактагы айылдардан темир-тезек чогултуп сатышат. 2003-жылдары лөлү тилин өркүндөтүү максатында интернет сайты ачылып, бирок кийин иши токтоп калган.

Ошто облус менен шаарды бириктирген көпүрөнү салдырбай жатышат

Osh_kopuro2Ош шаарында эки айылдын тургундары көпүрөнүн айынан чатакташып кетишти. Алар облустун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Бата жаңы конушу менен Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун тургундары. Бул эки айылдын ортосун аралап, чоң каналдан суу өтөт.  Ак-Бата айылы шаарга жакын жайгашкандыктан, ары-бери каттоо үчүн тургундар көпүрө салууга камынышкан. Ага өкмөттөн каражат да бөлүнүп, бирок кечигип келген. Бирок салынып жаткан көпүрөгө ак-тилектиктер караманча-каршы чыгып, кер-мур айытышып, керек болсо, куруучуларды уруп да жиберишти. Алар эки айылдын ортосун бириктире турган көпүрөгө эмне үчүн каршы чыгып жатышат ушул макаладан окуңуз.

Тиреш облуска караштуу Ак-Бата жаңы конушу менен шаарга тиешелүү Ак-Тилек кичи районунун тургундарынын ортосунда баратат. Талашы – эки айылдын ортосун бириктирген көпүрөнү куруу же курбоо.

Жол керек деген ак-баталыктар мурда 2-3 км. жол басып үйлөрүнө жетишчү. Азыр деле ошентип атышат. Эгер Ак-Тилекти аралап, көпүрө менен барышса, 300-400 метрде эле жетип алышат. Облуска караштуу конуштун тургандары шаар менен районду бөлүп турган каналга көпүрөө кура башташкан. Буга карата өкмөттөн каражат да бөлүнгөн. Эми курулуш башталган учурда Актилек кичи районунун 11 көчөсүнүн жашоочулары көпүрөөнүн курулушуна каршы чыгышты. Бул жердин тургуну Эркайым Абдыкалыкова Курулушка каршы чыгуусунун себебин мындайча айтты.

Көрсө каршы болуп жаткандардын дарты мында экен: көпүрө салынса, жаңы конуштагылар чоң машиналар менен курулуш материалдарын алып өтөт. Андай болгондо үйлөрүбүздөн жарака кетет. Жеңил унаалары менен ары-бери чаңытып өтүшсө, балдарыбыздын коопсуздугун кайда калат дешет. Бирок көпүрөөнүн курулушуна кызыктар тараптан Гүлбара Маматова бул каршылык туура эмес дейт.

Ак-Баталыктар жаңы конушта бир жагы социалдык шарт жок экенин, бул көпүрөө алардын бир көйгөйүн чечээрин билдиришет. Бул жердин тургуну Айсалкын Каныметова көпүрөөнүн курулушуна тиешелүү органдардан уруксат алганын, курулуш мыйзамдуу экенин мындайча айты.

Чатакташып жаткан тургундарга Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмамат Исмаилов келди. Ал талаштуу көпүрөөгө байланыштуу документ иштерин чечүүнү эки айылдын башчыларын биргеликте чечүү сунушун айткан болчу.

Көпүрө ушинтин талаштан улам бир тараптуу чечилбей турганда, курулушту баштап ийишти. “МагБилд” ЖЧКсынын өкүлү буларга токтолду.

Кийинчерээк эки тараптуу документтерди териштирүүгө Ак-Батанын айыл башчысы келбей койду. Кечээ күнү кечинде көпүрөө куруп жаткан курулуш компаниясынын айдоочусу актилектин тургундары тарабынан таяк да жеди. Айдоочуну токмоктогон жаран өз атын айтуудан баш тартты. Эми тирешкен тараптардын талашы эмне болот белгисиз.

Сулайман-Тоонун жанындагы кафе бузулат

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан мэрияда жеке менчик тууралуу мыйзамдуулуктун сакталышы текшерилди. Бул тууралуу мэриянын коомчулук жана ММК менен байланыш кызматы билдирди.

Sulaiman_Too_kafe

Текшерүүнүн жүрүшүндө Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2006-жылдагы катынын негизинде Сулайман-Тоо комплексинин аймагында туризмди өнүктүрүү максатында 250 чарчы метр жерге кафе курууга уруксат берилгендиги аныкталды. Ал каттын негизинде 2007-жылы шаар бийлиги М.Айдаровага 5 жылдык мөөнөт менен жер участогун берүү чечимин кабыл алган.

Бирок жер ээлери тарабынан 441 чарчы метр аянтка курулуш иштери өз алдынча жүргүзүлгөн. Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, шаардык прокуратуранын өкүмү менен М.Айдаровага 150 эсептик көрсөткүчтө айып салынган.

«Бүгүнкү күндө жер участогун берүү мөөнөтү бүттү, бирок мыйзамсыз курулган «Айдар-Ата» кафеси өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө», – деди Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдимуталип Калыбеков.

Анын айтуусунда, жер участогун кайтаруу жана аны алгачкы абалына келтирүү үчүн он күндүк мөөнөт берилди. «Эгер алар бул көрсөтмөнү аткарышпаса, анда кафени биз өзүбүз бузабыз», – деп кошумчалады А.Калыбеков.

Буга менин оюм:

Эгерде, Сулайман-Тоонун айланасындагы ушуга окшош курулуштарды алыш керек болсо, ошол жердеги Сулайман-Тоо мечитин дагы алыш керек. Аникени ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып калуу коркунучу бар деп кыйкырып атышкан. Тизмеден чыгып калуу коркунучу бар дешкенине карабай, президент Алмазбек Атамбаев келип, мечиттин ачылышына катышты эле.

А эгер мечити ала албасак, курулуштарды дагы калтырыш керек.

1 кылымдык мечитти оӊдоого 3 млн. керек

Ош шаарындагы Имам Аль-Бухари Алай мечити ушул жылдын жаз айларынан тарта оӊдолуп келүүдө. Ал үчүн 1 млн. сомдон ашуун каражат сарпталган. Бирок мечитти толук оӊдоп-түзөтүүгө дагы 3 млн. сом керектелет. Бул  тууралуу шаардык казыяттнан билдиришти.

Мечиттин курулганына 1 кылымга жакын убакыт болгон. Андыктан бүгүнкү күндө эски мечит  толугу менен оңдоого муктаж. БугаAl-Buxariy-Alai-mechiti чейинки керектелген 1 млн. сомго мечите оӊдоолор гана болбостон, жаӊы курулуштар да түшкөн. Ал 2 кабаттуу аялдар мечити жана 2 кабаттуу казыят олтуруучу имарат. Учурда мечиттеги оӊдоолор уланууда. 1 ай аралыгында аялдар мечитинин ачылуу аземи болоору күтүлүүдө. Ал эми толук түзөтүүлөр жаӊы жылга чейин аяктамакчы.

Казыяттан билдиришкендей, түзөтүүлөрдүн натыйжасында бул имарат  заманбап мечиттердин катарын толуктамакчы.

Оӊдоого кеткен каражаттар шаардагы жана облустагы бардар инсандар тарабынан  каржыланууда.

Борбордук мечит 70 миң орунга ылайыкташтырылган.