Лөлүлөр качан паспорт алат?

LOLULORКара-Суу районуна караштуу Жаңы-Кыштак айылынын тургундарынын дээрлик 40 пайызынын жарандыгы жок. Ал жерде көпчүлүгү лөлү улутундагылар турмуш кечиришет. Өздүгун аныктаган документинин жоктугунан улам, мындагылар өздөрүн эле эмес, айрым мамлекттик мекемелерди дагы түйшүккө салат. Анткени паспорттору жок болсо, кандайдыр бир керектүү чара колдонуп, же жеңилдиктер берилбей калат. Бирок аларга Кыргызстан тиешелүү документтерин тактап алууга толук мүмкүнчулүк жаратып берген.

Жаңы-Кыштак айылындагы класста билим алдып жаткан окуучулардын дээрлик 50 пайызынын эч кандай документтери жок. Бирок ага карабай, мектеп жетекчилиги мындай балдарга билим берүүну колго алышып, быйылкы окуу жылында 130 баланы кабыл алышкан. Бул тууралуу айылдагы Турсунзаада орто мектебинин директору Гүлчехра Абдуллаева билдирди.

Учурда жалпысынан аталган айылда 600гө жакын үй-бүлө жашайт. Бирок алар мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү акысыз кызматтардан пайдалана алышпайт. Анткени айрымдарынын паспортторунун жоктугунан ушундай абалга тушугуп калышат. Айрыкча пенсия чыгуу үчүн кайрылышканда өздүгун аныктай турган эч нерсеси болбой калат. Булар тууралуу Фергана өрөөнүнүн “Чегарасыз юристери” бирикмесинин жетекчиси Азизбек Ашуров айтат.

Ал эми Жаңы-Кыштак айылынын башчысы Руслан Уриновдун айтымында, паспорт алуунун мүмкүнчүлүгү болгону менен лөлүлөр жашоо образына байланыштуу өздөрү кызыктар эмес. Анткени алар, туруктуу бир жерде эмес, көбүнчөсү ар кайсыл аймакка көчүп-конуп жашашат.

Аталган айылда бүгүнкү күндө 600 түтүн жашайт, бирок алардын ичинен 2 миңге жакын жашоочунун гана паспорту бар.

LOLULOR1Лөлү улутундагылар тууралуу коомдо түрдүү пикирлер айтылып келет. Эркектери эч кандай иш кылбай, аларды аялдары багат деген да сөздөр бар. Учурда эркектери ал айыл жайгашкан аймак Өзбекстанга жакын болгондуктан ал жакка өтүп барып мандикерлик иштерди аткарышат. Айрымдары, Ош шаарынын канализациясында, кээлери кыш куюшат, дыйканчылык кылышат. Алар жашаган аймактагы терек базарда да иштешет. Ал эми аялдары Оштогу кыш заводдорунун тегерегиндеги сынык кыштарды, андан сырткары шаардагы жана шаарга жакын аймактагы айылдардан темир-тезек чогултуп сатышат. 2003-жылдары лөлү тилин өркүндөтүү максатында интернет сайты ачылып, бирок кийин иши токтоп калган.

Leave a Reply

Your email address will not be published.